Өкмөт: Нарындык дыйкандар 294 миллион сом жеңилдетилген насыя алышты
Кыргызстанда дыйкандар 12-майга карата “Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоорунун алкагында 3 миллиард 280 миллион 486 миң сом жеңилдетилген насыя алышты. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Насыя 10 797 жаранга берилгени айтылды. Насыя алуулардын көрсөткүчү аймактар боюнча төмөнкүдөй:
Чүй облусунда 814 миллион 019 миң сом;
Ысык-Көл облусунда 390 миллион 729 миң сом;
Талас облусунда 345 миллион 732 миң сом;
Нарын облусунда 294 миллион 997 миң сом;
Жалал-Абад облусунда 640 миллион 663 миң сом;
Ош облусунда 544 миллион 057 миң сом;
Баткен облусунда 250 миллион 289 миң сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

