"Кыргызстанда гляциолог, метеоролог адистерин даярдоону баштоо зарыл" дейт депутат Иманкожоева
Кыргызстанда гляциолог, метеоролог адистерин даярдоону баштоо зарыл. Муну парламент депутаты Эркингүл Иманкожоева мөңгүлөр жөнүндө мыйзамдын аткарылышына карата билдиргенин 12-майда ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. Айта кетсек, мөңгүлөр тууралуу мыйзам долбоорун парламент жакында кабыл алган.
Демилгечилери: депутаттар Эркингүл Иманкожоева, Асылбек Жээнбеков жана башкалар. Депутаттар буга чейин мындай мыйзам болбогонун айтышты.
Иманкожоева: "Ишти гляциолог, метеоролог сындуу сейрек адистерди даярдоодон баштоо зарыл. Албетте, анан кен байлыктарды иштетүү процессине көзөмөлдү күчөтүп, мыйзам жоболорунун так сакталышын талап кылышыбыз керек”,- дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

