super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: “Жол карта бекитилгенден кийин Бажы биримдиги менен чогуу келишим түзөбүз”

 

Бүгүн, 12-майда экономика министри Темир Сариев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Жол картаны бекиткенден кийин келишимди Бажы биримдиги менен чогуу түзөбүз”,- деп билдирди. Айтымында, аталган биримдикке Кыргызстан канча убакыт аралыгында кире тургандыгын айтуу кыйын.  

Мөөнөтү боюнча мен да, өкмөт да так айта албайт. Анткени биз парламенттик өлкөбүз. Жол картасын бекиткенден кийин Бажы биримдиги менен чогуу келишим түзүүгө киришет. Биздин жеңилдиктер, шарттар ошол жерде каралат. Бул биринчи кезекте парламенттен ратификациядан өтүш керек. Биз бул 2015-жылдын ичинде каралат деген ойдобуз",- дейт Сариев.   

Ал эми Бажы биримдигине кирсек, салык саясаты, экспорттук саясат толугу менен өзүбүздүн колубузда болот.

Айрым саясатчылар “Бажы биримдигине кирсек, биз өзүбүздүн эркиндигибизди жоготобуз” деп жатышат. Бул туура эмес. Бул жерде макулдашылган документтердин чегинде гана иш болот. Бажы биримдиги Бүткүл соода уюмундай эле. Негизинен кирип жаткан товарлар жөнүндө гана сөз болот. Ал маселелер биримдикте камтылат”,- деп кошумчалады ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: