super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-тажик делегациялары чек ара көйгөйүн талкуулашты

 
Бүгүн, 12-майда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары чек ара маселесин талкуулашты. Жыйында Өкмөттөр аралык комиссия карай турган маселелердин тизмеси бекитилгенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 
Өкмөттөр аралык комиссиянын жетекчилери Баткенде 7-майда болгон жаңжалды ыкчам иликтөө иштерин улантуу, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелерин талкуулоо, чек арага жакын аймактагы унаа жолун курууну талкуулоо чечимин кабыл алышты. 
"Биринчи пленардык жыйын конструктивдүү маанайда өттү. Тараптар көйгөйлүү маселелерди жөнгө салууда макулдашылган иштерди жүргүзүү керектигин белгилешти. 7-майдагы чатакты объективдүү иликтөө зарылдыгына, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга, кыргыз тараптан жабыркаган адамдардын чыгымын төлөтүүгө вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өзгөчө көңүл бурду" деп айтылат билдирүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: