Экономика министри: "Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин мигранттарга таасири болбойт"
Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши мигранттарга таасирин тийгизбейт. Муну бүгүн, 12-майда журналисттерге экономика министри Темир Сариев билдирди. Министрдин билдиришинче, Бажы биримдигине кирүүдө мигранттардын маселеси каралбайт. "Бажы биримдиги товарларды экспорттоо жана импорттоо процессине тиешелүү. Мигранттардын маселеси Евразиялык экономикалык аймак уюмуна кирүүдө каралат. Кыргызстан бул уюмга кирүү боюнча арыз тапшырган",- деди Сариев.
Айта кетсек, өкмөт бүгүн, 12-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасынын долбооруна макулдук берип, парламентке жөнөттү. Эми документтин долбоору ЖКнын комитеттеринде талкууга алынмакчы. Андан кийин жалпы жыйынга чыгарылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-2

