super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Кыргызстандын Бажы биримдигиндеги экспорттук потенциалы жогору"

 

Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе эле эртең жыргап кетебиз же кыйрап калабыз деп айта албайбыз. Бирок утуштарыбыз да бар”,- дейт Темир Сариев. Экономика министринин айтымында, Кыргызстандын экспорттук потенциалы жогору.

"Кыргызстан экспорттук товарларга болгон иликтөөсүндө төмөнкүдөй көрсөткүчтөр болгон: Бүгүнкү экспорттук потенциалыбызды алсак, биримдиктеги мамлекеттер менен жалпы соода-сатыктын үлүшү 41 пайызды түзөт. Анын ичинен экспорт 27,8, импорт 45 пайыз. Бул алтын менен эсептегенде. Эгерде алтынды алып салсак, биздин соода-сатыгыбыз биримдикке кирген өлкөлөрдө 60 пайыздан жогору болуп кетет. Ал эми 100 пайыз экспорттук товарларыбыз да бар. 

Орусияга 5 тамекини 65,5, пахта 64,3, жер-жемиш 36, айнек 42, электр-техникалык машиналарды 28,5, лампочканы 28 пайыз экспорттойбуз. Бул биздин потенциалыбыз. Ал эми Казакстанга электр энергияны 100, сүт азыктарын 83, мал жандыктын 73, тигилген кийимдердин 96 пайызын экспортко чыгарабыз. Бул биздин Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге кылып жаткан экспорттук мүмкүнчүлүгүбүз",- деди Сариев.

Эске салсак, учурда да дүйнөлүк банктын жардамы менен товарларды экспорттоону иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы май айынын соңунда чыгарылат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: