Калыс-Ордо конушундагы мыйзамсыз курулуштар токтотулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан Калыс-Ордо конушундагы №757 “К” жер тилкесинин батыш тарабында муниципалдык жердин эсебинен мыйзамсыз кеңейтилип, 7,0- 5,0 жана 3,0-8,5 чарчы метр өлчөмүндө курулуп жаткан турак үйдүн пайдубалы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда аталган департаменттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Жеке турак жай куруу департаментинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине “Муниципалдык жерди мыйзамсыз ээлеп алуу” жөнүндө билдирүү жиберишти. Департаменттин жана Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда курулуш иштери токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
barsa1984

12.05.2014. 21:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мыйзамсыздыкты ооздуктаганыңар жакшы, а эмне үчүн Ататүрк паркындагы мыйзамсыз курулган "хан сарайларды" буза албай жатасыңар, урматтуу өкмөт!!?? Карапайым калкка алыңар жетип, капчыктууларга алыңар жетпейби? Мындай кош стандарт жарабайт да.....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.