Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Ооганстан менен болгон жолдоштук оюнда утулуп калды
Кечээ, 12-майда Кувейтте АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына жыйынтыктоочу машыгуу сборун өткөрүп жаткан Кыргызстан курама командасы Ооганстан менен болгон жолдоштук оюнда 1:0 эсебинде утулуп калды. Машыгуу сборунун алкагында курама команда 16-майда Кувейтке каршы да жолдоштук оюн өткөрөт.
Кошумчалай кетсек, АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычы 19-майда Мальдив аралдарында старт алат. 4 командадан 2 тайпага бөлүнүп, 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна болгон 1 жолдомону талаша турган 8 команданын ичинде Ооганстан да бар.кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт.