super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Барымтага түшкөн Чарбак айылынын тургуну: "Тажиктер машинамды талкалап, мени аябай сабашты"

 

Сох анклавында барымтага түшкөн кыргыз жарандарын Хушяр айылынын тургундары аёосуз сабашкан. Бул тууралуу өзбек жарандарына барымтага түшкөн Чарбак айылынын тургуну Кенжебаев Исраил төмөнкүлөрдү айтып берди. "Мен 6-январь күнү өзүмдүн машинам менен малыма жем издеп жүргөм. Жемди таап, Чарбак айылынын ортосунда турсам, 16-18 жаштардагы тажик улутундагы балдар артымдан жүгүрүп келишкенин көрүп, качып кетейин деп жетишпей калдым. Алар менин машинамды тепкилеп талкалап салышты да, мени ур-токмокко алышты. Ошентип, Хушяр айылынын ооруканасына чейин мени өзбек жарандары сабап, тээп барышты. Ал эми ал жерде 15тей кыргыз жарандары барымтада бар болуп, аларды өзбек укук коргоочулары кайтарып турушуптур. Ал жерде 1 сутка жаткандан кийин биздин бийлик тараптагылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 7-январь күнү эртең менен аялдар менен жаш балдарды, ал эми түштөн кийин бизди барымтадан чыгарып алышты",- дейт барымтада болгондордун бири. Айта кетсек, Сох анклавы Өзбекстанга карайт, бирок андагы жашоочулардын көпчүлүгүн тажик улутундагы эл түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: