Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын 4 айында салыктык текшерүүлөр боюнча укук коргоо органдарына 22 материал жөнөттү
Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын 4 айында салыктык текшерүүлөр боюнча укук коргоо органдарына 22 материал жөнөттү. Муну бүгүн, 13-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, салык органдары 2014-жылдын 4 айында ишкердик чөйрөсүндө 2577 текшерүү жүргүзүштү. Жыйынтыгында бюджетке кошумча 1 миллиард 26 миллион сом киреше түшкөнү айтылды. "Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 214 миллион сомго же 26,4 пайызга көп" деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

