super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызгаз" ААКсы: "Бир катар мамлекеттик мекемелердин ири суммада карыздары бар"

 

“Кыргызгаз” ААКсына үч мамлекеттик мекеменин ири суммада карызы бар. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди. 8-январга карата бул мекемелердин карызы 168 миллион 703 миң сомду түзгөн. Анын ичинде "Бишкек жылуулук коммуналдык энерго коммуналдык мекемеси (карызы 54 миллион 596 миң сом, "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик мекемеси (63 миллион 781 миң сом), "Электр Станциялар" АККсы (Бишкек ТЭЦ) (13 миллион 578 миң сом) бар. Мындан тышкары башка мекемелер "Кыргызгазга"  5-6 миллион сомдон карыз. “Бул мурдакы карыздарга салыштырмалуу аз сумма”,- деп кошумчалады “Кыргызгаздын” басма сөз кызматы. “КазТрансГаз” жана “Узтрансгаз” мекемелерине Кыргызстан 3 миллион 498 миң АКШ доллары өлчөмүндө карыз. Бирок “Кыргызгаз” Өзбекстанга көгүлтүр от үчүн 350 миң АКШ долларын алдын төлөгөндүгүн “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Энергетика жана өндүрүш министрлигинин жыйынында билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: