Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына чек арадагы келишпестиктерге ыкчам чара көрүү тапшырмасын берди

Бүгүн, 13-майда президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.
Жолугушууда мамлекеттик чек араны жана канатташ чек аралардын коопсуздугун чыңдоо, аны кайтарууну жана коргоону күчөтүү боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маселелер талкууланды.
Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына чек ара аймактарында келип чыккан маселелер боюнча ыкчам аракет жасап, ал эми терең талдоого алынып, калыс мамиле жасоону талап кылган көйгөйлөрдү конструктивдүү чечүүгө алган багытты ырааттуу улантуу милдетин тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

