super.kg logo
  Саясат  

Депутат Эгемберди Эрматов Баткен облусунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү

 
ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов 9-10-11-январда үч күндук иш сапары менен Баткен облусунда иш сапарында жүрөт. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы маалымдады. Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-январда эл өкүлү Кадамжай районунун Марказ айылдык округунда эл менен жолугушту. Жолугушууда "Элдин көтөргөн маселелери абдан эле көп. Негизгилерин карасак, мамлекет тарабынан берилүүчү насыянын үстөгүн азайтуу, айыл чарба техникасы менен дыйкандарды камсыз кылуу жана жол маселеси" деди Эрматов. Ошондой эле жол көйгөйү тууралуу “жергиликтүү эл, Баткен облусунда Өзбекстанды аралап өтчү Көк-Талаа - Пүлгөн жолу акыркы чыр-чатактан улам жабык. Ал эми айланып өткөн 15 чакырым жолго ушул жылдан баштап асфальт төшөө маселеси көтөрүлүп жатат” - деди эл өкүлү. Депутат эртең, 10-январда Кызыл-Кыя шаарында шаардын жана ошондой эле Ноокат районунун бир катар айылдык округдарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: