Кыргызстанда айыл чарба тармагын көзөмөлдөө үчүн космостогу спутник колдонулат

Кыргызстан айыл чарбадагы маселелерди космостогу спутник менен көзөмөлдөп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, жакында кытайлык спутник менен байланыш түзүлгөн. Учурда бул долбоор иштелип жатат. "Биздин айыл чарбадагы абал боюнча космостон келген биринчи маалыматты 1,5 айдан кийин ала алабыз. Албетте, бул көп көйгөйлөрдү чече алат. Маселен, чегирткелердин уяларын табуу, каналдардын абалын көзөмөлдөө, кургакчылыкка учураган жерлердин аянттарын эсептеп чыгуу жана башкалар",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.