super.kg logo
  Саясат  

Социалдык өнүгүү министри эл аралык бала асыроо укугуна ээ болгон уюмдарга сертификат тапшырды

 
Эл аралык бала асыроо боюнча уюмдарга аккредитациядан өткөндүгүнө байланыштуу сертификат тапшырып жатып социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев "Кыргызстанда эл аралык бала асыроо боюнча чечимди бир гана сот кабыл ала алат" деп билдирди. Бул тууралуу 13-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. 
"Эл аралык бала багып алуу укуктук нормалардын чегинде болушу үчүн министрлик бала асыроо менен алектенген уюмдарды каттоонун жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизди. Коррупциялык элементтер жокко чыгарылып, аз сандагы уюм аккредитацияланды",- деди министр.

Ал өлкөдөгү улуттук бала асыроо приоритет бойдон каларын айтып, ошол эле учурда Кыргызстанда үй-бүлө табылбаса, чет өлкөдөн үйлүү болууга укугу бар экенин кошумчалады. 

Балдарды коргоо боюнча башкармалыктын жетекчиси Марина Жапаркулованын айтымында, мамлекеттик маалымат банкында 167 бала бар. Алардын басымдуу бөлүгу психикалык жактан жабыркагандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Бала асыроо укугун алуу үчүн 17 компания арыз берип, алардын ичинен 7 уюмга сертификат берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: