super.kg logo
  Саясат  

Одесса 25-майда Украинада өтүүчү президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүүгө камданууда

 

Одессанын өзүнчө аймак статусуна ээ болушун каалап, Орусияны жактаган активисттер 2014-жылдын 25-майында Одессада референдум өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Чет элдик ММКлардын билдиришинче, референдум менен бирге президенттик шайлоо өткөрүлөрү айтылууда.

Одесса үчүн референдум керек деп ойлойм. Биз 25-майда өтө турган президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүүгө аракет кылабыз. Элди экиге бөлүп-жаруунун кажети жок. Бул убакытты үнөмдөө”,- деп билдирген орусиячыл лидерлердин бири Алексей Албу.

Ал эми Украина бийлиги референдум өткөрүү үчүн алдын ала мыйзам кабыл алуу керектигин айтууда.  

Эскерте кетсек, 25-май күнү Украинада президенттик шайлоо өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: