Ош. Шаардык кеңештин депутаттары калкты газ менен камсыз кылуу маселесин чечүүнү тездетүүнү айтышты
Бүгүн, 13-майда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана бир катар фракция жетекчилери Ош шаардык газ чарба башкармалыгында болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, шаардык кеңештин депутаттары көгүлтүр от менен камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жана көйгөйлөр тууралуу башкармалыктын жетекчисинин маалыматын угушту. Анда депутаттар учурда башкармалык тарабынан шаардыктар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жаткандыгын белгилешти.
Эскерте кетсек, коңшу Өзбекстан менен түзүлгөн келишим аяктаганына байланыштуу Ош шаарында газ берүү 14-апрелде токтотулган. Эми бул маселе жакынкы арада шаардык кеңештин сессиясында да каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.