Эльвира Сариева Баткендеги чатак боюнча: "Бардык маселе эки элдин достук мамилесине таянып чечилиши керек"

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 13-майда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимиов менен жолугушууда Баткенде 7-майда болгон жаңжалды сөз кылды. "Бардык көйгөйлөр формасына, мүнөзүнө жана татаалдыгына карабай эки элдик салттуу достук мамилелерине таянуу менен чечилиши керек",- дейт вице-премьер-министр.
Эскерте кетсек, Баткен районунда чыккан кыргыз-тажик жарандарынын чатагында Кыргызстандын 14 жараны жаракат алып, 9у ооруканага жаткырылып, автоунаалар, дүкөндөр өрттөлдү. Окуя боюнча кылмыш иши козголгону айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

