Апрель айынын электр энергияга болгон төлөм чогулуму 107 пайызды түздү
2014-жылы апрель ай ичинде “Түндүк электр” бөлүштүрүү компаниясына
484,5 миллион киловатт-саат электр
энергия келип түштү. Бөлүштүрүү компаниянын товардык өндүрүмү 393,5 миллион сом, анын ичинен 424,2 миллион сом чогулду, башкача айтканда, жарыяланган сумма 107,8 пайызды түздү. Бул тууралуу
бүгүн, 13-майда аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын апрель айында калктын төлөм чогулуму 108,5 пайызга аткарылды. Өнөр жай объектилеринен 113,8 пайыз, бюджеттик мекемелерден 99,8 пайыз, айыл чарба объекттеринен 106,1 пайыз чогултулду.
Андан башка пайдалануучулардын коюлган суммадагы чогулуму 107 пайызды түздү.
"Түндүк электр" ачык акционердик коому тейлеген аймактар төлөм чогулуму апрель айына төмөндөгүдөй: борбордо - 104,5 пайыз, Чүй облусунда - 112,1 пайыз, Талас облусунда - 102,9 пайыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nursyi

13.05.2014. 19:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
министр о.артыкбаев-энергетика тармагындагы. Ч. П ларынан алаксытуу максатында,*толомдорду жакшы толотуп жатам*деп,бул кабарды жарыялаган го.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.