Окумуштуулар дүйнөлүк океандын деңгээли 4,5 метрге жогорулашын айтышууда




Америкадагы Космос мейкиндигин изилдөөчү улуттук башкармалыктын жана Калифорния университетинин окумуштуулары Батыш Антарктидадагы муздардын эришинен улам дүйнөлүк океандын деңгээли 4,5 метрге жогорулашын айтышууда. Алар мындай чечимге Батыш Антарктиданын Амундсен деңизинин аймагын 40 жыл изилдегенден кийин келишкен.
Адистердин айтымында, муздардын эриши күтүлгөн убакыттан эрте башталган жана аны токтотууга мүмкүн эмес. Бул процесс жүздөгөн жылдар аралыгында улана берет. Болжолдонгон убакыттан тез эрип жаткандыктан, алдыдагы 10 жылдын ичинде океандын деңгээли жогорулайт деген пикирлер айтылууда.
Батыш Антарктидадагы муздун эришинин тездешине глобалдык жылуулук жана озон катмарынын бузулушу себеп болууда. Мындан улам Антарктидадагы шамалдын багыты өзгөрүлүп, аталган аймактагы абанын температурасынын жогорулашына шарт түзүүдө. Изилдөөчүлөр учактан жана космостон байкоо жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы "Географиялык изилдөөлөр боюнча жазма" (Geophysical Research Letters) баракчасына жана Калифорния университетинин расмий сайтына жайгаштырылган. Бул тууралуу 13-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
jazz007

14.05.2014. 10:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын!
kamyr26

14.05.2014. 10:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кыйамат кайын болордо жер жузун топон суу каптайт деп уктум эле жакындап келатат окшойт байкашымча.
saltanat.

14.05.2014. 10:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Глобальное потепление болот деп илгери эле айтып келишкен. Европа суу астында калат. Кыргыздар өлбөйбүз коркпагула, анткени деңиз деңгээлинен өтө бийикте турабыз.)))
bazar

14.05.2014. 10:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайдан олбойбуз?.. Европадан качып келген байларга жерди сатып биздин чондор бизди (кыргыздарды) кубалап чыгат.
Kara_kyrgyz

14.05.2014. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bazar, туура айтасын! алакандай кыргыз ынтымак болбосок колго киргенди эле сата берсек, озубуздун жерге да ээ боло албай калабыз!
yasmina_kg

14.05.2014. 17:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кууп чыгышпайт,акча учун жон эле жок кылышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.