super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Англия курама командасынын Дүйнө чемпиондугуна бара турган курамы белгилүү болду

 
Англия курама командасы "ЮАР-2010до" жарым чейрек финалда Германия курама командасына 4:1 эсебинде утулуп, мелдештен чыгып калган.

Футбол боюнча Англия курама командасынын башкы машыктыруучусу Рой Хожсон Бразилияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна бара турган футболчулардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда чет элдик маалымат булактары кабарлады. Маалыматка ылайык, 23 оюнчунун 22си Англия Премьер-лигасынын клубдарында ойнойт.

Тайпалык баскычта Италия, Уругвай жана Коста-Рика менен ойной турган Англиянын курамы төмөнкүчө:

Дарбазачылар: Фрейзер Форстер (шотландиялык “Селтик” клубунун оюнчусу), Бен Фостер (“Вест Бромвич”), Жо Харт (“Манчестер Сити”).

Коргоочулар: Лейтон Бейнс, Фил Жагелка (экөө тең “Эвертон”), Фил Жонс, Крис Смоллинг (экөө тең “Манчестер Юнайтед”), Гари Кэхилл (“Челси”), Глен Жонсон (“Ливерпуль”), Люк Шоу (“Саутгемптон”).

Жарым коргоочулар: Стивен Жеррард, Жордан Хендерсон, Рахим Стерлинг (баары “Ливерпуль”), Алекс Окслейд-Чемберлен, Жек Уилшир (экөө тең “Арсенал”), Росс Баркли (“Эвертон”), Адам Лаллана (“Саутгемптон”), Фрэнк Лэмпард (“Челси”), Жеймс Милнер (“Манчестер Сити”).

Чабуулчулар: Уэйн Руни, Дэнни Уэлбек (экөө тең “Манчестер Юнайтед”), Дэниел Старриж (“Ливерпуль”), Рики Ламберт (“Саутгемптон”).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: