super.kg logo

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Ачык эшик күнү өтөт

 
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 17-майда Эл аралык музейлер күнүнө карата Ачык эшик күнү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда аталган музейден билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрүүчүлөр үчүн жаңы нерсе катары “Раритет багет” көргөзмөсү тартууланып, ошондой эле кум графикасы менен мультимедиялык тамаша кечени көркүнө чыгармакчы.

Ачык эшик учурунда интерактивдүү экскурсиялар жүрүп, иш-чарага келген конокторго белгилүү сүрөтчү, скульпторлор мастер-класстарды өткөрүшөт.

Ошондой эле аткаруучулук чеберчилик, чечендик өнөр боюнча машыгуулар өткөрүлүп, сынактар уюштурулары пландалууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: