super.kg logo
  Саясат  

Германиядагы кыргыз өкүлчүлүгү туристтик көргөзмө-жарманкеге катышты

 
Германиядагы кыргыз элчилиги 11-майда Виндек шаарындагы жыл сайын өтүүчү салттык саамалыкка айланган туристтик көргөзмө-жарманкеге катышты.  

Анда 2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата КРнын туристтик потенциалын көтөрүү максатында Кыргызстан жөнүндө видео көрсөтүлдү. Ошондой эле кыргыздын улуттук тамактары тартууланып, каада-салты жана жалпы маданияты жөнүндө кеңири маалымат берилди. 

Виндек шаарынын борбордук бөлүгүндө атайын коноктор үчүн боз үй тигилип, көчмөн кыргыз калкынын турмуш- тиричилиги көрсөтүлүп, бешик ыры ырдалды. Кыргыздын кол өнөрчүлөрү жасаган сувенирлер кызыгууну жарата алды. Иш-чаранын жүрүшүндө "Кыргызстанга кош келиңиздер!" деген аталыштагы китепчелер таратылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: