super.kg logo

Ош шаардык кеңешинин депутаттары «Боорукердик» үй-интернатынын абалы менен таанышышты

 

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 13-майда «Боорукердик» үй-интернатына барышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык мэрияга тиешелүү үй-интернатынын абалы менен жакындан таанышып, анда жашаган кары адамдардын ден соолугун сурап, алардын жашаган жатаканалары жана тамактануучу жайларынын абалын көрүп чыгышты. Маалым болгондой, буга чейин айрым депутаттар тарабынан үй-интернатынын абалы канааттандырарлык эмес деген даттануулар айтылып жүргөн.

Айта кетсек, «Боорукердик» үй-интернатында бүгүнкү күндө 30 улгайган карыя жана 30 жаш балдар тарбияланат. Ага Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов баштаган бир катар депутаттар барышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: