Абдырахман Маматалиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын кезектеги отуруму Бишкекте өтүшү керектигин айтты
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 13-майда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Ибрахим менен жолугушту. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгы, чек ара маселеси талкууга алынды. Маматалиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун Бишкекте өткөрүү зарылдыгын белгиледи. "Соода-экономикалык кызматташтык боордош элдердин өз ара түшүнүшүүсүн жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керек",- дейт Маматалиев.
Азим Ибрахим тажик тарап кызматташтыкты коңшу өлкө катары эки тарапка тең пайдалуу шартта улантууга кызыкдар экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

