Геология агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев кен казуу тармагындагы ачыктык боюнча иштеген башкармалыктын өкүлүн кабыл алды
Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев "Кен казып алуу тармагындагы ачыктыкты жогорулатуу демигелери" башкармалыгынын төрагасы Клэр Шорт менен жолугушту. Муну аталган агенттиктин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди. Жолугушууда өлкөдөгү кен казып алуу тармагындагы ачыктыкты камсыздоонун учурдагы абалы талкууга алынды. Зилалиев аталган башкармалыктын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү орду жогору экенин айтты. 2012-жыл боюнча тоо-кен иштетүү тармагынан жергиликтүү жана республикалык бюджетке 10,2 миллиард сом түшкөнүн да белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

