super.kg logo
  Саясат  

Аксы районунда 21 655 бала мамлекеттик жөлөк пул алат

 

Аксы районунда 2014-жылдын алгачкы 3 айында 6887 үй-бүлө жөлөк пул алды. Берилген жөлөк пулдун суммасы 50 миллион 849 миң сом. Муну бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Аксы райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Садырбек Жаналиев билдирди. Айтымында, жөлөк пул район боюнча 21 655 балага берилет.

Маалыматка таянсак, райондо ата-энесиз 68 бала бар. "Алардын ар бирине кам көрүлөт, майрам күндөрү райондун борборундагы аттракциондор аларга акысыз болот. Бекер балмуздактар берилет. Быйыл да 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ири иш-чара өтөт", - деп билдирди Жаналиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: