super.kg logo
  Саясат  

"Ата Журт" фракциясынын депутаттары шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүшүүдө

 
Учурда ЖКнын "Ата Журт" фракциясынын депутаттары аймактарда шайлоочулар менен иш алпарууда. Эл өкүлдөрү жер-жерлерде, жергиликтүү жашоочулардын турмуш шарты, социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, алардын көйгөйлүү маселелерин чечүү багытында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге тиешелүү чараларды көрүүдө. Депутат Улукбек Кочкоров баштаган бир топ депутаттар кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр-чатактуу окуя, ага карата көрүлүп жаткан чаралардын жүрүшү менен жеринде таанышуу максатында Баткен облусуна бармакчы. Ал эми депутаттар Курмантай Абдиев, Нургазы Айдаров, Азамат Арапбаев сындуу бир катар депутаттар Ош облсунда, Нарынбек Молдобаев Нарын облусунда, Улан Чолпонбаев Ысык-Көл облусунда, Жаныш Кудайбергенов Чүй облусунда, Элмира Иманалиева менен Роман Шин Бишкек шаарынында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: