super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду

 
Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КРнын 2012-жылга республикалык бюджетинин кирешелери 79,9 миллиард сомду (мурда бекитилген көрсөткүчтөн 1,7 миллиард сомго аз) жана чыгашалары 101,5 миллиард сомду (мурда бекитилген көрсөткүчтөн 3,2 миллиард сомго аз) түзөт. 2012-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 21,6 миллиард сом суммасында (же мурда бекитилген көрсөткүчтөн 1,5 миллиард сомго аз) белгиленген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Эске салсак, бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: