super.kg logo
  Саясат  

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы: Кыргызстандын түштүгүндөгү газ кризисине күнөөлүү чиновниктерди жоопко тартуу керек

 

Кыргызстандын түштүгүндөгү газдын жоктугуна жана ага байланышкан көйгөйлөргө катышы бар чиновниктер жоопко тартылышы зарыл. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди. 

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңеши Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө, Ош шаарынын тургундарын газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурагандыгы жана Кыргызстандын аймагына газ берилбей калгандыгына күнөөлүү чиновниктерди жоопко тартуу тууралуу расмий түшүндүрмө берүү талабы менен кайрылууда", - деп айтылат маалыматта.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев“Бир айдын жүзү болду, түштүк борбор газы жок бойдон калууда, ал эми өкмөт болсо азыркы убакытка чейин газ элдин үйлөрүнө качан берилери тууралуу жооп бере албай келет. Өлкөбүздүн түштүгүндөгү газдын жоктугу үчүн “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчилиги күнөөлүү деп эсептейбиз. Эмнеге карапайым эл жапа чегип, азап тартышы керек? Чиновниктер жоопко тартылышы керек!”- деди.

Эске салсак, Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү 14-апрелде токтоткон. 15-февралда “Кыргызгаз” ишканасы расмий түрдө орусиялык “Газпром” компаниясынын менчигине өткөн. Саясий серепчилердин эскерүүсүндө, “Кыргызгаз” ишканасы сатылган соң "газ көйгөйлөрү Кыргызстанда мындан ары болбойт" деген өкмөттүн билдирүүлөрү жалпыга маалым.

Өкмөттүн коалициянын алдында өткөн жыйынында 2013-жылга болгон отчётунда премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Өзбекстан эки аптадан бери газ берүүнү токтоткондугу тууралуу маалымат бербей келет" деп билдирген, "өзбек бийликтерине жолдонгон кат дагы жоопсуз калууда" деп кошумчалаган.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: