Аксы районунда химия, физика, математика мугалимдери жетишсиз
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда учурда 2283 мугалим иштеп жатат, анын 1853ү аялдар. Муну бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирабилла Үсөнбаев билдирди. Айтымында, райондо мугалимдердин тартыштыгы бар.
Автор: Автандил Добулбеков
"Райондо учурда 10 мугалим жетишпейт. Физика, математика, химия, орус тили жана адабияты, чет тили предметтери боюнча адистер жетишпей жатат. Быйылкы окуу жылы үчүн 44 жаңы кадр келди",- деди Үсөнбаев.
Маалыматка таянсак, Аксы районунда 65 мектеп бар. Анын 53ү орто, экөөсү негизги, бирөөсү башталгыч мектеп.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

