Бишкекте Орто Азия кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмө-жарманкеси өтөт

16-17-майда Бишкекте Эл аралык музей күнүнө карата Орто Азиядагы кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул иш-чара Кыргыз кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү боюнча Борбор Азия ассоциациясы жана Борбор Азиядагы Америка университетинин демилгеси менен уюштурулууда.
Автор: Дамира Арстанова
Фото: Интернеттен алынды
Уюштуруучулардын айтымында, жарманкеге келгендер Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Ооганстандын уздарынын колунан чыккан буюмдарды сатып ала алышат. Жарманкеге керамикадан жасалган буюмдар, килемдер, жибектен тигилген кийимдер, зер буюмдар коюлат.
Аталган жарманке эски аянтта саат 10:00-18:00гө чейин болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.