Баткендеги Көк-Таш - Тамдык жолун куруу иштери улантылат
Тажикстанга болгон иш сапары боюнча бүгүн, 14-майда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев журналисттерге маалымат берди.
Өкмөт өкүлү чек араны тактоо маселесин аягына чыгаруу жана унаа жолдорунун курулушу боюнча талкууда Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолун улантуу тууралуу протоколго кол коюлганын айтты.
“Эки тарап тең бир топ туура жыйынтыкка келдик. Чек ара жана токтоп турган жолду куруу иштерин улантуу тууралуу келиштик. Бир-эки айдын аралыгында аталган аймакта жолду куруу иштери улантылат”,- деди Маматалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















