super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Аль-Харам мечитинин имамын кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 14-майда Сауд Арабиянын Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинин имамы шейх Махир бин Хамад Аль-Муъайкилини кабыл алды.

Жолугушууга вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль Жума катышты.

Имам бул сапарында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында болуп, казыяттардын жетекчилери жана муфтияттын иши менен таанышарын айтты. 

"16-майда Улуттук филармонияда "Исламдын толеранттуулугу жана анын экстремизм, терроризм жана ырайымсыздыкты тааныбастыгы" деген темада дарс окуйт" деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: