super.kg logo
  Саясат  

Курбанбай Искандеров: “Өзбекстан - Кыргызстан чек арасындагы делимитациясы маселеси укуктук документтер дал келбей жаткандыктан чечилбей келет”

 

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасындагы делимитация маселеси укуктук документтердин бирдиктүү негизге келе албай жаткандыктан чечилбей келет. Мындай билдирүүнү бүгүн, 9-январда маалымат жыйынын өткөргөн өкмөттүн аппаратынын алдындагы Чек ара делимитациясы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Курбанбай Искандеров билдирди. Анын айтымында, делимитация абдан татаал процесс, анткени эки жактын өз кызыкчылыктары бар. Өзбекстан бир укуктук документти сунуштайт, Кыргызстан башканы сунуштайт. “Эгер эки тараптын позициясы төп келсе, маселе жеңил чечилмек. Туура келген позициялар боюнча Өзбекстан менен болгон 1378 километр талаш чек аранын 1007 километри чечилип, чечиле элек эң татаал жерлер калган. Бирдиктүү укуктук негизге келсек, көйгөй бат эле чечилет”,- деди Искандеров.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: