super.kg logo
  Спорт  

Испаниялык “Севилья” УЕФАнын Евролигасын утуп алды (фоторепортаж)

 
"Ювентус" футболдук клубунун стадиону "Ювентус Стэдиум" бул күнү туриндик клубду эмес, башка командаларды кабыл алды. "Ювентус" жарым финалда дал ушул стадиондо "Бенфика" менен тең ойноп, финалга чыга албай калган.
Оюн курч мүнөздө өттү.
Оюн курч мүнөздө өттү.
Күйөрмандар...
Эсекиэль Гарай өнөктөштөрүнүн жакшы мүмкүнчүлүктү бошко кетиргенин аңдап жатат.
Иван Ракитич (№11) оюндагы башкы каармандардын бири болду.
Англиялык "Манчестер Юнайтеддин" мурунку машыктыруучусу Алекс Фергюссон менен "Ювентустун" машыктыруучусу Антонио Конте финалдык оюнга жандуу күбө болуп кайтышты.
"Бенфиканын" күйөрмандары жана кызыл түскө толгон "Ювентус" стадиону...
"Бенфиканын" машыктыруучусу Жоржи Жезуш оюнчулары менен кошумча 15 мүнөттүктөргө болгон пландарды талкуулап жатат.
"Севильяны" команда катары өнүктүрүп жаткан Унаи Эмери...
Португалиялык команданын лидерлеринин бири Оскар Кардосо пенальтилер сериясында жаза баскан биринчи оюнчу болду.
"Севильянын" оюнчулары атаандаштар жаза баскан сайын кубокко жакындап баратышканын сезип турушту.
Дарбазачы Бету испаниялык клубга артыкчылык алып келди.
Кевин Гамейро пенальтилер сериясындагы 4-голду киргизип, кубоктун Испанияны көздөй кетүүсүн камсыздады.
"Бенфиканын" күйөрмандарына 2 жыл катары менен бул мелдештин финалында жеңилүү катуу тийди.
УЕФАнын Суперкубогу эми испаниялык клубдардын ортосунда ойнолмой болуп калды. "Севильянын" Суперкубоктогу атаандашы 24-майда "Реал"-"Атлетико" тирешинин жыйынтыгында билинет.

Кечээ, 14-майда Италиянын Турин шаарында УЕФАнын Евролигасынын финалдык беттеши орун алды. Анда испаниялык “Севилья” менен португалиялык “Бенфика” кез келип, оюндун негизги убактысы 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

Натыйжада “Севилья” оюндан кийинки пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде жеңишке жетишти. Испаниялык клубдун португалиялык дарбазачысы Бету “Бенфиканын” оюнчулары Оскар Кардосо менен Родригонун пенальтисин тосуп, командасына чоң артыкчылык алып келди.

Кошумчалай кетсек, “Севилья” буга чейин УЕФАнын Евролигасын 2-ирет уткан (2006, 2007). Бул наам башкы машыктыруучунун бул клуб менен жетишкен биринчи чемпиондук наамы болду. Ал эми “Бенфика” ушуну менен 8-ирет Европа Лигаларынын финалында утулуп жатат. 






УЕФАнын Евролигасы. Финал. Бенфика - Севилья

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.05.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх..бенфика..бенфика..
Медиа-портал
09.06.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
финалга жарашыкту оюн болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: