super.kg logo

Канат Садыков: "2014-жылы Кыргызстанда 50гө жакын бала бакча ачылат"

 

Кыргызстанда 2014-жылы 50гө жакын бала бакча ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майдагы маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. 

Анын айтымына караганда, андан сырткары 2015-жылы 40ка жакын бала бакчанын ачылышы пландалууда.

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен мектепке чейинки мекемелердин жабдууларына грант түрүндө 12 миллион доллар бөлүнмөкчү. Министрлик 2014-жылга карата мектепке чейинки билим берүү программасынын алкагында балдардын 16,5 пайызын тартууну пландоодо. Ал эми азыркы учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган балдардын саны 14 пайызды түзөт.

"Мектепке чейинки мекемелердин имаратын жергиликтүү жетекчилик бөлүп берет. Биздин маселе - аларды жабдуулар жана тиешелүү окуу-методикалык материалдар менен камсыздап, адистерди даярдап жана алардын квалификациясын жогорулатуу",- деди Садыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: