super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер: “Мугалимдер бир окуучунун ата-энесине телефон чалышып “кызыңардын моюнун жулдурабыз” дешиптир”

 

Бишкек шаарындагы №72-орто мектептин мугалимдери 6-класстын окуучусу Асылбек кызы Айдананын ата-энесине телефон чалышып, “жогорку класстын балдарына кызыңды сабатып, мойнун жулдурабыз” дешиптир.

Муну бүгүн, 15-майда маалымат жыйында "Мен кыргызмын" коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Сабыр Мамбетов билдирди. 

Айтымында, аталган окуучуга мугалимдер тарабынан коркутуулар болуп жатат. 

“Айдананын ата-энеси мага телефон чалышып, тынчсызданып жатканын айтышты. Окуучуга карата ошол эле мектепте окуган жогорку класстын балдары коркутуу жасай турганын мектеп мугалимдери айтышыптыр. 6-класстын окуучусун басмырлап жатышат”,- дейт Мамбетов. 

Мектептин математика мугалими Салтанат Казыбаева 2014-жылдын 1-апрелинде Асылбек кызы Айдананын сабакта иштеп чыккан мисалдарын туура эмес баалап, ага төмөн баа коюп койгону жана мугалимдер окуучулардан "20 сомдон алып келгиле" деген талап койгонуна байланыштуу прокуратурага арыз бергенин айтты коомдук ишмер. 

"Туура эмес койгон баасын мойнуна албастан, кайра окуучуга коркутуу жасап жатышат", - деди Мамбетов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: