super.kg logo
  Саясат  

Кудайберген Базарбаев Бишкекте гендердик саясат тармагындагы приоритеттерди иштеп чыгуу боюнча форум өткөрүүнү сунуштады

 
Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Европа жана Борбордук Азия мамлекеттериндеги Аялдар бирикмесинин өкүлү Ингеборг Гисладоттир менен жолугушуу учурунда Бишкекте гендердик саясат тармагындагы приоритеттерди иштеп чыгуу боюнча Борбордук Азия форумун өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу 15-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Министр Кыргызстанда гендерлик мыйзам, статистика жана аялдардын лидер болушун колдогон институттук механизм иштелип чыкканын айтты. 

"Кыргызстан алгачкы жолу 2020-жылга чейин гендердик теңдикти камсыз кылуу үчүн Улуттук стратегияны кабыл алды. Аялдардын, эркектер жана балдардын укугун коргоо максатында бардык чаралар көрүлүүдө. Үй-бүлөдөгү зомбулук бир гана үйгө тиешелүү көйгөй болбостон, азыркы тапта коомчулук бул маселе менен күрөшүүдө. Кыргызстан гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча лидерлик сапта турат. Жогорудагы форум Борбордук Азия өлкөлөрүн бириктирген импульс болуп калмак",- деди Базарбаев.

Өз кезегинде Ингеборг Гисладоттир Кыргыз Республикасы гендердик теңдик тармагында алгылыктуу иштерди жасаганын белгилеп өттү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: