super.kg logo

Улуттук коопсуздук комитети командалык-штабдык окууларында террорчуларды колго түшүрүшүп, туткунга алынгандарды бошотушту (фоторепортаж)

 
УКМКнын Террорчулукка каршы борборунун кызматкери.
Иш-чарага өрт өчүрүү, "Тез жардам" жана милиция кызматтары катышты.
Операторлор жана журналисттер командалык-штабдык окууларды чагылдырууга даяр.
Октун гильзалары
Октун гильзалары
Туткунга алынган адамдар
Атайын операция бүткөн соң
УКМКнын Террорчулукка каршы борборунун кызматкерлери
УКМКнын кызматкерлери террорчуларды басып алууга даяр
УКМКнын кызматкерлери террорчуларды басып алууга даяр

Бүгүн, 15-майда Чүй облусунда КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Газпромнефть-Азия - Антитеррор 2014" командалык-штабдык окууларын жүргүздү. Иш-чарага УКМКнын Террорчулукка каршы борбору жана өрт өчүрүү, тез жардам берүү, милиция кызматтары катышышты.

Айта кетсек, окуулар эки жерде өттү. Биринчисинин планы боюнча 3 террорчу май куюучу жайдын дүкөнүндө адамдарды туткунга алып, 1 миллион доллар жана алардын жакындарын абактан бошотуусун талап кылышты. Экинчисинде террорчулар турак жайдын ичинде адамдарды туткунга алып, анын жанында жайгашкан май толтуруучу бактарды миналап коюшкан.

КРнын УКМКнын Террорчулукка каршы күрөшүү борборунун башчысынын орун басары Таалайбек Жапаровдун айтымында, командалык-штабдык окуулар ийгиликтүү өттү. "Аталган иш-чаралардын негизги максаты - террорчулук аракеттерди жокко чыгаруу. Ушул багытта болгон башкаруу механизмдерин текшерүү жана эл аралык террорчулукка каршы түзүмдөрү менен чогуу иштешүү”,- деди ал.

Окуулардын катышуучулары Ардак грамота жана эстеликке белек менен сыйланышты.






УКМК командалык-штабдык окууларын жүрүшүндө террорчуларды кармашты

УКМК командалык-штабдык окууларын жүрүшүндө террорчуларды кармашты (2)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: