"20дагы чал-кемпир" тасмасынын бет ачарына Бакыт Тынайбеков сүйүктүүсү менен келди (фоторепортаж)
Ачылыш аземге даярдык жүрүүдө.


Ачылыш аземге даярдык жүрүүдө.

Эң жаш көрөрмандар тасманын башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышты.

"Манас" кинотеатрынын алдындагы цементте отурган 87 жаштагы апа "Бул жерде отургуч жок экенин билбептирмин. Болбосо үйдөн кичинекей отургучумду көтөрө келмек экенмин, муздак жерге отурбай" деп кейип алды.

Тасманын башкы каарманы Өмүш аксакалдын ролун актёр Дамир Абдраимов жараткан.

Тасманын дагы бир башкы каарманы Алмакан апанын ролун Замира Сатыбалдиева ойноду.

Жаш жигиттен 70 жаштагы чалга айланган Бакыт Тынайбеков.

70 жаштагы кемпирге айланган Айканын ролун Эльзат Жедигерова аткарды.

Ачылыш аземдин жүрүшүнөн.

Ачылыш азем "Ио" бий тобунун бийи менен башталды.

Тасманын режиссёру Айбек Өмүров кызыл килемдин үстүнөн басып келүүдө.

Тасманын бет ачарын уюштурган уюштуруучулар да кызыл килемден басып өтүштү.

Дамир Абдраимов кызы менен жетелешип келди.

Гүлдүн баарын жыйнап кызыл килемден өткөн Замира Сатыбалдиева.

Бакыт Тынайбеков кызыл килемден сүйүктүүсү менен чогуу өттү.

Тасмадагы шаардык кыз Айканын ролун жараткан Эльзат Жедигерова.

Кызыл килемден тасманын оператору Жоомарт Чалабаев өтүүдө.


Каармандар жана тартуучу топ тасма башталарда элге көңүлдүү маанай каалап өтүштү.

Тасмадагы кадрлардан.

Тасмадагы кадрлардан.

Тасмадагы кадрлардан.

Тасмадагы кадрлардан.

Тасмадагы кадрлардан.

Тасмадагы кадрлардан.
15-майда "Манас" кинотеатрында Айбек Өмүровдун "20дагы чал-кемпир" тасмасынын бет ачары болуп өттү. Ага тасмадагы каармандар, тартуучу топ, алардын жакындары, ырчылар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Саат 10:00гө белгиленген бет ачар бир аз кечигип башталды. Эл алдына чыккан алып баруучу тасманын бет ачар аземин ачык деп жарыялады. Мындан соң тасманын башкы каармандары жана тартуучу топтун мүчөлөрү кызыл килемден өтүштү.
Тасманын мазмунуна токтолсок, анда Асылбаш айылында күн өткөргөн абышка-кемпирдин жашоосу, алардын бир түндө 20 жаштагы жигит менен кызга айланышы чагылдырылат. Чоң ата небересине мурасын өткөрүп берүү үчүн аны шаардан айылга чакырат. Абышка ага гектарлаган жерди көрсөтүп, "Бул ата-бабабыздан бери мурастан мураска өтүп келе жаткан жер. Көзүмдүн тирүүсүндө сага тапшырып коюуну чечтим" дейт. Анда небереси "Ата, бул жерди сатса канча акча болот?" деп сурайт. Муну уккан абышканын маанайы түшүп, түн ортосунда туруп көктү карап "Жаратканым, балдарыма ыйман бере көр!" деп жалбарат. Дал ушул түнү чал-кемпир 20 жаштагы кыз-жигитке, тагыраак айтканда, небереси менен анын сүйүктүүсүнүн кейпин кийип калышат. Тасма мындан ары кызыктуу окуялар менен коштолуп отурат.
"20дагы чал-кемпир" тасмасы жарыкка чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(6)
tinatin_21

15.05.2014. 15:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!!!!!!
bakay93ka

SUPER.KG видео
16.05.2014. 10:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коруш керек экен жакшы кино экен
123m

SUPER.KG видео
16.05.2014. 22:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Lubov' morkov'" degen kinogo okwow eken birok soonun
samira.0907

SUPER.KG видео
18.05.2014. 00:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче жакшы кино окшойт.Коромго буйурса.
Raymond127

SUPER.KG видео
19.05.2014. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен коруп келдим Манастан!!! СУУУУУУПЕР кино эекен!! Кыргыздардын мындай киносун коро элэк болчумун!! Оло жакты мага!!!
Barchun

SUPER.KG видео
09.06.2014. 18:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан корот экенбиз кандай кылып коробуз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.