super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйыны соттук териштирүүдөн улам болбой калды

 

Жалал-Абад шаардык кеңештин жыйыны буга чейин “Өнүгүү Кыргызстан” партиясы ишара кылгандай, 9-январда расмий биринчи жыйыны өтмөк. Бирок соттук териштирүүлөрдүн бүтө электигинен улам жыйын болбой калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык кеңештин аппаратынан билдирди. Белгилүү болгондой, шаардык кеңештин биринчи жыйыны 26-декабрда болгон. Жыйынга катышкан, коалициялык көпчүлүктү түзгөн “Ата Журт” жана КСДП партияларынан 16 эл өкүлү шаардык кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлашкан. Жыйынга кебей калган “Өнүгүү Кыргызстан” партиясынын 15 өкүлү бул чечимди тааныбай, шаардык кеңешти сотко берген. Төраганы жана орун басарын шайлоону өткөрүү үчүн коалициялык азчылыктагы экинчи тарап расмий жыйынды 9-январда өткөрөбүз деп демилге көтөрүп, шайланган депутаттардын баарын жыйынга чакырган эле.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: