Сабыр Мамбетов, активист: “№72-мектептин директорун өрттөйм же Кыргызстандагы билим берүү системи боюнча Эл аралык сотко кайрылам”
“Бишкек шаарындагы №72-мектептин директору Дамира Назаркулованы өрттөйм же Кыргызстандын билим берүү системи боюнча Эл аралык сотко арыз берем”,- дейт “Мен кыргызмын” коомдук уюмунун өкүлү Сабыр Мамбетов. Аталган мектептин директору Дамира Назаркулованын жана башка 5 мугалимдин үстүнөн прокуратурага төрт ирет арыз менен кайрылганын айтат активист.
Ал эми аталган мектептин мугалимдери "окуучуларды 20 сомдон чогултууга мажбурлашты" деп өздөрүнө тагылып жаткан айыптарга макул эмес. “Сабыр Мамбетов биздин үстүбүздөн арыз жазып, 10 жылдан 17 жылга чейин каматам деп жатат. Анда мугалимдердин укуктарын ким коргойт? Биз эч кандай "акча алып келгиле" деп айткан эмеспиз. Керек болсо сот алдында жооп беребиз”,- дейт мугалим Зоя Саякбаева.
Сабыр Мамбетов: “Иштин натыйжасы жок болгондуктан жана мектеп директору тоготпостукка салып жаткандыктан, Жогорку Сотко кайрылам”,- деди.
Айта кетсек, активист мектеп директорун жана мугалимдерди 6-класстын бир окуучусунун тапшырмасын туура эмес баалаганы жана окуучулардан 20 сомдон чогултуу аракети боюнча күнөөлөп жатат.

эми биз бул жерде туруп алып бир нерсе айткан менен эч нерсе озгорбойт.андан коро сотторго кудай озу ынысап берип.туура чечим чыгарса.кимдики жалган кимдики чын экенин билип алабыз