super.kg logo
  Саясат  

Оштун газсыз калышы боюнча шаардык кеңештин депутаттары өкмөт башчыга кайрылуу жасашты

 

Ош шаарына газдын берилбей жатышы боюнча шаардык кеңештин депутаттары премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылуунун мазмуну төмөндөгүдөй:

"Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Ош шаарына жаратылыш газынын берилүүсү токтотулгандыгынан кабардарсыз. Бул маселенин бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келе жаткандыгы шаар калкынын арасында нааразычылык туудурууда. Мындан бир жыл мурда "Кыргызгазды" Орусиянын "Газпромуна" өткөрүү аркылуу элди үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылабыз деп айткан "Кыргызгаздын" жана өкмөт жетекчилеринин сөздөрү, тилекке каршы, аткарылбай жатат.

Көгүлтүр отундун жоктугунан электр энергиясына басым жасалып, электр энергиясы менен камсыз кылуу тармагында көмөк чордондордун ашыкча чыңалуу менен иштешинен келип чыккан бузулуулардын кесепети жаңы көйгөйлөрдү жаратууда.

Андан сырткары учурда газдын жоктугу, электр энергиясы менен камсыз кылуунун тез-тез үзгүлтүккө учурап турушу шаар калкынын жашоосуна тескери таасирин тийгизип жаткандыгы бизди кооптонтуп жатат. Ошондуктан Ош шаардык кеңешинин көпчүлүк каолициясынын депутаттары шаардын элинин атынан, шаардын турмуш-тиричилигинин агымын туруктуу нукка салуу максатында маселенин тез арада чечилүүсүнүн жыйынтыгын чыгарып берүүңүздү суранабыз".

Кайрылууга Ош шаардык кеңешинин бир нече депутаты кол койгон. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: