super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев Азиздер жана дүлөйлөр коомуна үн жабдууларын тапшырды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунун №1-окуу өндүрүштүк ишканасынын кызматкерлери менен жолугушуп, аларга жаңы үн жабдууларын тапшырды.

Аларга 10 каналдуу үн пульту, үн күчөткүч, электр кубатын турукташтыргыч, төрт микрофон тапшырылды. Жабдуулар Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондусунун эсебинен 144 850 сомго сатылып алынганы айтылды.

"Мага мекеменин директорунун орун басары Марат Ташбаев кайрылып, көзү азиз жана көзү начар көргөн музыканттар көп жылдардан бери эскирген аппаратуралар менен концерт коюп келе жатканын билдирген. Аларга көмөк көрсөтүү өтүнүчүмдү спикер Асылбек Жээнбеков да колдоп, зарыл болгон каражатты бөлүү чечимин чыгарды",- дейт депутат.

Жолугушуу соңунда концерт коюлуп, жаңыдан алынган үн жабдуулары текшерилди.

"Мен бул клубда 40 жылдан бери иштейм. Мындай тунук үндү алгачкы жолу угуп жатам. "Минусовкасы" жакшы жүрүп, ырдагандардын үнү шаңдуу чыгууда",- деп билдирди чыгармачылык клубунун көркөм жетекчиси Тилек Алиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: