Кыргызстандын муфтийи Ош жана Баткен облустарынын казысын алмаштырды
Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев Ош жана Баткен облустарынын облустук казыларын жаңыдан дайындады. Бул тууралуу муфтияттын ревизиялык комиссиясынын мүчөсү Абдышүкүр Журабаев билдирди. Анын айтымында, Баткен облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов кызматтан кетүү тилегин билдирген. Анын ордуна 9-январда муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев Ош шаарынын казысы Шакир ажы Маматовду, ал эми Ош шаарынын казылыгына “Сулайман тоо” мечитинин мурдагы имамы Убайдулла Сарыбаевди дайындады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

