Ысык-Көл. ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны өсүүдө
Ысык-Көл облусунда ВИЧке чалдыккандардын саны 13 кишиге өстү. Бул тууралуу Каракол шаардык эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Дамира Онгоева билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылы ушул маалда ВИЧ жуктуруп алгандардын саны 66 болсо, быйылкы жылы алардын саны 79га жетти. Бул ооруну жуктуруп алууда биринчи орунда миграция турса, дагы бир себеп, абактан чыккандар бошонуп баргандан кийин үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп жатат. Белгилей кетсек, 79 кишинин 53ү эркек, 26сы аялзаты экендиги маалым.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

