super.kg logo
  Саясат  

Баткендеги Көк-Таш – Тамдык жолунун курулушун улантууда чек ара аймагы күчөтүлгөн тартипте кайтарылат

 

Баткендеги Көк-Таш –  Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушун жакын арада кайра баштоо тапшырмасы берилди. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 15-майда кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу үчүн кеңешме өткөрдү.  

Маматалиев аталган унаа жолун курууда Ак-Сай айылындагы көпүрөнүн ордун тажик тарап менен бирге аныктоо тапшырмасын Транспорт жана коммуникация министрлигине тапшырганы айтылды. Айта кетсек, буга чейин тажик тарап көпүрөнүн азыркы ордуна макул эместигин билдирген эле. 

“А.Маматалиев жолдун курулушу башталган учурда аймактагы чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылышы керектигин айтты. Бул боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевге тапшырма берилди” деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: