super.kg logo

Бишкекте лицензиялары чакырылып алына турган эки окуу жайдын жетекчиликтери министрликти сотко беришти 

 
Билим берүү жаатында тиешелүү талаптарга жооп бербеген Азия медициналык институтунун лицензиясынын мөөнөтү 3 айга токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда болуп өткөн тегерек столдо КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

"Учурда Азия медициналык институтунда жана Кыргызстандагы Москва ишкердик жана укук университетинин филиалындагы окутуу процессинин уюштурулгандыгы начар болгондуктан жана тиешелүү бир катар талаптарга жооп бербегендигинен улам алардын лицензияларын алуу боюнча маселе көтөрүлүүдө. Ушундан улам аталган окуу жайлардын өкүлдөрү министрликти сотко берүүдө",- дейт К.Садыков.  

Эске салсак, аталган окуу жайларда айрым тайпаларында бирден студент окуганы, студенттердин сабакка катышуусу 39,5 пайызды гана түзгөнү жана окутуучу курам тиешелүү деңгээлге жооп бербегени аныкталган.

“ЖОЖдордун сапатын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн бир айлыктын натыйжасында Кантта жайгашкан Азия медициналык институтунун лицензиясынын мөөнөтү 3 айга токтотулду. Себеби комиссия анын окутуу процессинде бир канчалаган мыйзамга туура келбеген фактыларды аныктады”,- дейт К.Садыков.

Эгер аталган окуу жайлардын лицензиялары сот аркылуу чакыртылып алынса, ЖОЖдун администрациясы студенттердин документтерин колуна берүүгө тийиш болот жана алар өз адистиги боюнча тийиштүү ЖОЖго которулмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда соттошуулар кобойуп.соттордун итти чоп жатканго сыягы.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: