super.kg logo

Эртең Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата уюшулган «Аскер таланттары» аттуу сынак жыйынтыкталат

 

Эртең, 16-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына арналган «Аскер таланттары» аттуу сынактын акыркы этабы өтөт.

Сынак аскер бөлүктөрүндө кыш мезгилинде жарыяланып, анын баштапкы этабы Коргоо министрлигинин туруктуу жайгашкан кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 23-февралда өткөрүлгөн. Ал эми тандоо этабы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнө арналып өтүп, анда жеңүүчүлөрдөн курама командалар түзүлгөн.

Бул маданий-аскерлештирилген сынакка Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын, Борбордук баш ийүүдөгү кошуундар менен бөлүктөрдүн, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин чыгармачыл топтору катышат.

Офицердик вальсы менен заманбап бийлер, жекече номердеги жана хор менен аткаруудагы аскердик-патриоттук, эстрадалык ырлар мамлекеттик жана расмий тилдерде аткарылат. 2014-жылдын 29-майында конкурстун лауреаттарынын катышуусунда гала-концерт болот. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: